Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Карзай чет элдик аскерлерди Ооган айылдарынан чыгарууну сунуш кылды


Ооган президенти Хамид Карзай НАТО баштаган чет өлкөлүк контингентти айыл-кыштактардан чегинүүгө үндөдү. Президенттин кеңсеси тараткан билдирүүдө Карзай АКШ коргоо министри Леон Панетта менен кездешүүдө аскерлер айылдардан чыгарылып, базаларда гана жайгашсын деп сунуш кылганы айтылат. Жолугушуунун алдында, 11-мартта Кандагар чөлкөмүндө америкалык аскер 16 жайкын тургунду атып салган. Президент ошондой эле Панеттага Кабул өкмөтү коопсуздукту камсыздоо милдетин Вашингтон пландаган 2014-жылы эмес, 2013-жылы өткөрүп алууну көздөөрүн айтты. Бул тууралуу Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Фаизи билдирди.

XS
SM
MD
LG