Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Талибан АКШ менен сүйлөшүүлөрдү токтоконун жарыялады


Талибан согушкерлери Ооганстандагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотту. Талиптер бүгүн жарыяланган билдирүүсүндө
Кошмо Штаттарынын позициясы так эместиги алга жылууга тоскоол болуп жатат деп айыптады. Билдирүүдө Талибан Вашингтон колдогон Кабул өкмөтү менен да сүйлөшүүлөрдү четке какканы айтылат. Буга чейин талиптер менен АКШ өкүлдөрү ишеним орнотуу үчүн алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнү, анда Катарда Талибандын саясий кеңсесин ачуу тууралуу сөз болгону тууралуу маалыматтар тараган.

XS
SM
MD
LG