Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

“Ата Мекен” Пирматовду кол тийбестиктен ажыратууну талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Искак Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү каралат.

Пирматов 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп айыпталып жатат. 21-февралда Башкы прокуратура депутатты тергөө ишине тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Пирматов өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун билдирип келет. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда Пирматовду коргоп жердештери нааразылык акция уюштурган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG