Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сузакта курулган жаңы көпүрө жүз миңдей кишинин каттоосун жеңилдетет


Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында Көк-Арт дарыясында курулган жаңы көпүрөнүн ачылыш салтанаты өттү. Ага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев катышты. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, узундугу 54, эни 8 метрлик көпүрөнү куруу иштери былтыр августта башталып, декабрда аяктаган. Курулушка сарпталган 37 миллион сомду Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция бөлүп берди. Көпүрөнүн эки башында жашаган сегиз айыл өкмөтүнүн аймагындагы жүз миңдей кишинин бири-бирине каттоосу кыйла жеңилдеди. Октябр айылындагы ооруканага жетүү жолу 40-45 чакырымга кыскарды.

Президент менен жолугушууда жергиликтүү эл Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөөгө марафон аркылуу чогултулган акча жетишсиз болуп жатканын билдирип, түрдүү социалдык көйгөлөр тууралуу жана адам укуктарынын бузулуш факттары көп болуп жатканын айтты.

Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапар менен бүгүн барды. Эртең ал Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингине катышат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG