Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Кичи-Алайда үч күндөн бери электр жарыгы жок


Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кичи-Алай айылынын эли үч күндөн бери электр жарыгысыз отурат. Буга Ноокат - Кашка-Суу унаа жолунун 97-чакырымында 14-март күнү түшкөн кар көчкүсү себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, кар көчкүнүн көлөмү 150 миң куб метр.

Кар көчкүсү бир катар электр мамычаларын жараксыз абалга келтиргендиктен, Кичи-Алай айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Жабыркагандар жок. Учурда РЭС тарабынан айылга барчу электр зымдарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG