Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Абактагы машыгууну Байзаков өзү башкарат


17-мартта Бишкектин четиндеги Беловодское айылында жайгашкан №16 абакта "Абактагыларды барымтага алган кылмышкерлерди колго түшүрүү" деген аталышта машыгуу өтөт. Машыгууга Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков өзү башчылык кылаарын бүгүн аталган кызматтан кабарлашты.

Январ айында Бишкектеги №1 тергөө абагында жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин Байзаков парламентке чакырылган. Көпчүлүк депутаттар анын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, кызматтан кетүүсүн талап кылган. Байзаков абактарда тартип орнотуу ишин жүргүзүп жатканын айткан. 15-мартта айрым депутаттар Байзаковдун отставкасы боюнча маселени кайрадан көтөрүштү. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Динара Молдошева Шейшенбек Байзаков азыр дарыланып жатканын, утурумдуу эмгекке жарамдуу эместик баракчасынан негизинде ишке чыга электигин айткан болчу.

17-марттагы машыгууга Жаза аткаруу кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери, "Омега" жана "Шер" атайын бөлүктөрү катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG