Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Белгияда аза күтүп жатышат


Белгияда бүгүн аза күтүү күнү. Шейшембиде Швейцарияда белгиялык мектеп окуучуларын ташып келаткан автобус кырсыкка учурап, 28 киши, анын ичинде 22 бала каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн алып келген учак Брюсселдин чет жакасындагы аэропортко конгон учурда өлкө аймагы боюнча метро, автобус, поезддер, теле жана радиоберүүлөр токтотулуп, 1 мүнөт тымтырс болду. Белгиянын мамлекеттик туулары жарымына чейин түшүрүлдү. Курман болгондордун 22си белгиялыктар, алтоо голландиялык өспүрүмдөр болчу. Швейцария бийликтери кырсыкты иликтеп жатышат. Жергиликтүү маалымат каражаттары аман калган балдарга шилтеме жасап жазышкандай, туннелдин дубалын сүзөөрдүн алдында айдоочу ДВД кассетаны алмаштыруу менен алек болчу.

XS
SM
MD
LG