Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

"Манастагы" Транзиттик борбор Орусияга көчөбү?


"Манас" аба майданындагы АКШ Транзиттик борбору.
"Манас" аба майданындагы АКШ Транзиттик борбору.

Кыргызстандагы АКШнын Транзиттик борбору жабылса Орусия НАТОнун аскер аба күчтөрүнө Ульяновск шаарынан жай берүүгө даяр.

Бул туурасында “Росбалт” агенттиги тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Мамлекеттик Думада айткандарына шилтеме берип, маалымат таратты. Орусиянын мындай позициясы кыргыз коомчулугунда өзүнүн пайдасын көздөгөн кош стандарттуу саясат катары каралууда.

Лавровдун күтүүсүз билдирүүсү

Серепчилер буга чейин расмий түрдө билдирбегени менен Кремль АКШнын аскер аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышына кызыкдар болуп келгендигин айтышат. Бирок Кыргызстандын саясий жетекчилиги америкалык транзиттик борбордун ижара мөөнөтү узартылбай тургандыгын жарыялагандан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Ульяновскидеги аба майданын НАТОнун аскерлерине пайдаланууга берүү Орусиянын кызыкчылыгына туура келет" деп Думада билдирди. Лавров бул боюнча токтомдун долбоору жакында өкмөттө карала турганын белгиледи. Муну менен Москва сөз жүзүндө америкалык саясат менен макул эместигин айтып, иш жүзүндө аны менен кызматташууга даяр экенин көрсөттү дешет кыргызстандык серепчилер.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков мындай шартта Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргоп калууга тийиш деп эсептейт:

- Бул жерден алар дагы өз кызыкчылыгын ойлонуп жатышат. Ошон үчүн эл аралык террорчулук жана маңзат аткезчилигине каршы күрөшүүнү натыйжалуу алып баруу максатында Орусия АКШ менен сүйлөшкөн болуш керек. Орусия бул жерде маселеге кош стандарттуу мамиле кылып жатат дегенден алысмын. Бирок Кыргызстандан Транзиттик борбор чыгарыла турган болсо Орусия өз аймагынан жай берүүгө кызыкдар болуп жатышы саясатта ар бир мамлекет жеке кызыкчылыгын гана ойлой тургандыгынан кабар берет. Мындан мурун кошуна Казакстан Тараз шаарынан АКШ базасы үчүн жай таап берүүгө кызыкдар экендигин билдирген болчу. Мына ошондуктан Кыргызстан бул жерден өз кызыкчылыгын карап, бул долбоордон казынага түшүп жаткан каржылык жагын да эске алууга тийиш.

Геосаясий оюнга айланган транзиттик борбор

Ооганстандагы операцияны колдоо үчүн “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун ижара акысы үчүн АКШ башында он жети жарым миллион доллар төлөп келген. 2009-жылы расмий Бишкек базаны чыгаруу талабын койгондон кийин АКШ ижара акысын алтымыш миллион долларга көтөргөн.

Мындан сырткары Кыргызстандын аэронавигация кызматына жана башка тейлөөлөр үчүн акы төлөнөт. Ошондой эле жергиликтүү ишкана америкалык учактардын элүү пайызын күйүүчү май менен камсыздап, эки миңге жакын кыргызстандык жаран базада эмгектенет.

Мурдагы президент Бакиев коңшулар бир жагынан “чыгар” деген ишаарат кылышканы менен АКШ базасын кайра эле өздөрүнүн аймагына жайгаштырууга болгон кызыкчылыгынан улам аны калтырганын маектеринин биринде ачыктаганы бар. Анткени Кыргызстан АКШ базасын чыгарары маалым болгондо Тажикстан менен Казакстан аны кабыл алууга даяр экенин айтып чыккан болчу. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин америкалык аскер аба базасы транзиттик борбор деп атын өзгөртүп сакталып калган.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын аталган борбор боюнча туруму АКШ менен Орусияга буга чейин эле белгилүү экендигине токтолду:

- Биз буга чейин эле 2014-жылдан баштап “Манас” аба майданында коалициялык күчтөрдүн аскер контингенти калбаш керек деген шартты айтып эле келгенбиз. Себеби бул жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы жана коопсуздугу башкы орунга койулган. Бирок ошол эле кезде биз америкалыктарга 2014-жылдан кийин транзиттик борборду аскердик эмес жүк ташуулар үчүн колдонууга болоорун эскерткенбиз. Бул туурасында ошол эле АКШнын жана Орусиянын расмий өкүлдөрү да билишет. Анан эмнеге жанагыдай сунуштар болуп жатат, биз билбейт экенбиз.

Орусиячыл күчтөрдү ойго салган маалымат

Кремль АКШнын аба күчтөрү Кыргызстандын аймагынан чыгарылып, бирок аны өзүнүн аймагына жайгаштырууга кызыкдар болушунун себептери Москвачыл маанайдагы кыргызстандык саясатчыларды да таң калтырды. Анткени Москва менен союздаштыкты колдогон саясий күчтөр АКШнын Транзиттик борборун чыгаруу жана НАТО менен кызматташпоо талабын койгон акцияларды уюштуруп келишет.

АКШ базасын чыгарууга байланышкан кезектеги саясий акция жакында Пентагондун жетекчиси Леон Панеттанын Кыргызстанга болгон иш-сапарына удаа болду. Бирок Кыргызстандагы көпчүлүк орусиячыл күчтөр Москванын Вашингтон менен болгон сүйлөшүүлөрү туурасында билишпейт.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Орусия транзиттик борборду өзүнө киргизип алууга кызыкдар болуп жаткандыгы боюнча маалыматка ишенбей тургандыгын белгиледи:

- Биринчиден, Орусиянын тышкы иштер министри кандай мүнөздө билдирүү жасады мен аны көзүм менен көрүп, кулагым менен угушум керек. Менин бул боюнча кабарым жок. Маалыматтын чын-бышыгын так билмейинче бул боюнча бир нерсе деп баа берүү туура болбой калат. Кээде журналисттер чагымчыл маалыматтарды таратып койгон учурлар көп кездешет. Ошондуктан мен мындай маалыматка ишенбейм.

Ошол эле кезде айрым саясат таануучулар Кремль түпкүлүгүндө АКШнын Ооганстандагы терроризмге каршы операциясын колдоорун белгилешет. Андыктан Орусия буга чейин эле өзүнүн аймагы аркылуу темир жол менен коалициялык күчтөрдү жабдыган жүктөрдү ташууга уруксат берип келген. Анткени Ооганстандагы кырдаалдын өзгөрүшү Орусиянын коопсуздугу үчүн дагы маанилүү экендигин Кремль төбөлдөрү өздөрү да айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG