Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Сирия боюнча атайын чабарман Дамаск сапары жөнүндө отчет берди


БУУ жана Араб Лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн пикир келишпестиктерди жоюп, Сириядагы кризис боюнча бирдиктүү позиция иштеп чыгууга үндөдү. Өткөн жумада Дамаскиге барып кеткен Аннан Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында сапары тууралуу отчет берди. Анын айтымында, эмки аптада Сирияга миссия жиберилет. Алар Дамаск бийлиги менен өлкөгө эл аралык байкоочуларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулушат. Бүгүн чабарман Женевада Россия жана Кытай өкүлдөрү менен жолугушту. Бул эки өлкө карапайым элин репрессиялап жаткан Сирия өкмөтүн айыптаган резолюция долбооруна вето коюшкан.

Бүгүн Түркия коопсуздук маселелеринен улам өз жарандарына Сириядан тезирээк чыгып кетүү кеңешин берди. Анкара ошондой эле Дамаскидеги элчисин чакыртып алууну караштырууда. Ушул эле күнү Перси булуңундагы Кызматташтык кеңешинин 6 мүчө мамлекети Дамаскидеги элчиликтерин жабууну чечишти.

XS
SM
MD
LG