Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Прокуратура: ооруканаларга келген грант мыйзамсыз коротулган


Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене боюнча кылмыш иш козголгонун маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, СПИД, кургак учук жана безгек илдеттерине каршы күрөш боюнча Глобалдык фонддон 35 миллион долларга жакын каражат туура эмес пайдаланылган. Акчалар дарыгерлердин айлыгына жана унаа сатып алууга жумшалган. Бул ишти Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү кылмыш иштер боюнча башкармалыгы тергеп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG