Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Аба ырайы: чукул кабар


Кыргызстанда 17-19-март күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда, тоо боюндагы унаа жолдордо кар көчкү, күрткү түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Кооптуу жолдо унаалар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

18-мартта күндүз көпчүлүк жерлерде жаан жаайт. Тоо этектеген жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус суук.

Бишкекте 18-мартта жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... +1, күндүз +4... +6 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG