Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Сирия эки жардырууда 27 киши набыт болгонун билдирүүдө


Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, баш калаа Дамаскта бүгүн коопсуздук имараттарында бомба жарылганда дагы 100 чакты киши жараат алды. Сыналгы курмандыктардын жана жабыр тарткандардын арасында полициячылар менен катар карапайым адамдар да бар экендигин тастыктады. Дамаскта декабрда жана январда да жардыруу болуп, ондогон киши набыт кеткен. Акыркы жардыруулар президент Башар ал-Асадга каршы козголоңдун бир жылдыгына туура келди. Бириккен Улуттар уюму менен Араб лигасынын арачысы Кофи Аннан БУУнун Коопсуздук кеңешин мунасага келип, Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн ынтымакташууга чакырды.

XS
SM
MD
LG