Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Лейлекте күч кызматтарына нааразы болгондор топтолду


Мунай аткезчилигин чектөө аракеттерине нааразы болгон тургундардын пикетин Баткен облустук ички иштер бөлүмү тастыктады.

Лейлек районунун Кулунду айыл округунун өзүн Тынчтык деп тааныштырган тургуну 17-март күнү кечке жуук аймактагы күч кызматтарына нааразы болгон 500дөй эл жыйналганын «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен аймактарына кошумча көзөмөл бекеттери орнотулгандыктан милиция кызматкерлери көбөйтүлүп, Өзбекстандан Тажикстанга күйүүчү май ташып жаткан айылдын тургундарынын соодасы токтоп калды. Ошол эле учурда 40 тоннадан күйүүчү май тарткан чоң унаалар Тажикстанга кирип кетүүдө.

Чогулгандар менен район акими жолугуп, маселени 1-2 күндө чечип берээрин айтып, элди таркатты.

XS
SM
MD
LG