Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

19-мартта жаан-чачын күтүлөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 19-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы:
19-мартта мезгил мезгили менен жаан-чачын күтүлөт, түнкүсүн айрым жерлерде көп жаайт. Тоолуу жерлерде жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот Батыштан соккон шамалдын ыламдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3 градус;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2 күндүз 0…5 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12 , күндүз 0…-5 градус суук;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус суук;
Тоолордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус суук;

Бишкекте 19-мартта мезгил мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 19 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус суук, күндүз 0... +2 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG