Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Ош облусундагы катуу бороондон жолдор жабылды


Ош облусунун Алай районунда түндө болгон катуу бороондон Тоң-Мурун ашуусундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 218-238-чакырымдары убактылуу жабылды. Катуу бороондон улам Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Комсомолабад унаа жолунун 95-142-чакырымдарында да кыймыл токтотулду. Мындан сырткары Ачуу-Cуу-Карамык унаа жолунун 0-15-чакырымдары да убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, аталган аймактарда бороон токтогондон кийин тазалоо иштери башталат.

Соңку маалыматтар боюнча, бүгүн түнү Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон-Чак-Жаштилек ички чарбалык унаа жолунун 0-3-чакырым аралыгына кар көчкү түштү. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG