Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлер форуму өтөт


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк соода-инвестициялык форуму өтөт. Ага кыргыз премьери Өмүрбек Бабанов жана Түрк ишкерлери менен өндүрүшчүлөр конфедерациясынын президенти Рызанур Мерал баштаган жетекчилер катышат.

Форумга катышуу үчүн 130 түрк ишкери жана мамлекеттик кызматкер Бишкекке келишти. Иш-чарага Кыргызстандагы ишкер коомчулуктун өкүлдөрү да катышат. Форум эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууну көздөйт. Соңунда бизнес-ассоциациялар эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшат. (KKs)

XS
SM
MD
LG