Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Сирияга гуманитардык жардам жеткирүү Москвада талкууланат


Сирияга гуманитардык жардамды кантип жеткирүү маселесин Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин төрагасы Якоб Келленбергер бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешүүсүндө талкууламакчы. Келленбергердин айтымында, Хомс шаары өңдүү камалоодо калган аймактардан жарадарларды алып чыгуу үчүн ок атышуу күнүнө кеминде эки саатка токтоосу керек.

Сириянын гуманитардык муктаждыктарын баалоо үчүн азыр өлкөдө Улуттар уюму менен Ислам кызматташтыгы уюмунун биргелешкен миссиясы жүрөт. Сирияга ок атышууну токтотуу жана мониторинг жүргүзүүчү эл аралык миссиянын жайгашуусун талкулоо үчүн Дамаскка өз эксперттеринин тобун БУУ менен Араб Лигасынын чабарманы Кофи Аннан да жиберди.

Президент Башар Асаддын өнөгү катары эсептелген Орусия мурдарак Дамаскты Аннандын тынчтык орнотуу аракеттерин колдоого чакырган.

БУУнун эсебинде, президент Асаддын режимине каршы бир жылдан берки козголоң учурунда 9000дей кишинин өмүрү кыйылды, 30 миңдей адам өлкөдөн чыгып кетти, 200 миңдей киши өлкө ичинде жер которду.

Бул аралыкта бүгүн эртең менен борбор Дамаскта уруш тутанганы маалымдалды.

Рейтер агенттиги күбөлөргө шилтеме жасап кабарлагандай, борбордун аль-Меззе районунда өкмөттүк күчтөр менен “Эркин Сирия армиясынын” козголоңчулары ортосунда айгышкан уруш чыкты. Бул кабар башка булактар тарабынан азырынча ырастала элек. Аталган райондо Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн кеңселери жайгашкан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG