Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Ливиядан британиялык эки журналист бошотулду


Алар Ливиядагы мыйзамсыз куралдуу топтордун бири тарабынан өткөн айда кармалышып, тыңчылык кылды деп айыпталышкан. Эми өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлү Николас Дэвис-Жонс жана Гарет Монтгомери-Жонсондон тыңчы деген айып алынганын билдирди.

Ирандын англис тилиндеги Пресс ТВ телеканалы үчүн иштеген журналисттерди Свехли деген куралдуу топ бийликтердин колуна өткөн аптада берген.

Мунун алдында Эл аралык Мунапыс, Чек арасыз кабарчылар уюмдары журналисттер мыйзамсыз кармалганын баса белгилешип, аларды тезинен бошотууга, же расмий бийликке өткөрүп берүүгө чакырышкан.

Аналитиктердин пикиринде, журналисттердин расмий эмес куралдуу топтордун колунда узакка кармалышы Ливиянын борбордук өкмөтү канчалык алсыз экендигин көргөзүүдө.(UE)

XS
SM
MD
LG