Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Европадагы ыктымал террордук чабуулдар жөнүндө эскерткен адамдын иши сотто каралат


Теги боюнча ооган Ахмад Вали Сиддикинин сурак учурунда берген көрсөтмөлөрү 2010-жылы Европада ыктымал террордук чабуулдар боюнча эскертүүлөрдүн берилишин шарттаган. Германияда жашаган Сиддики 2010-жылдын июль айында Ооганстандан кармалган.

Ал “ал-Каиданын” Европа шаарларында мерчемделген террордук пландары жөнүндө камакта олтурган кезинде айтып берген. Бирок андан бери кандайдыр бир чабуул болгон жок.

Отуз жети жаштагы Сиддики эгер Германиянын соту тарабынан “ал-Каидага” жана Өзбекстан Ислам кыймылына мүчө болгон деп айыпталса, он жылга чейин түрмөгө кесилүүсү мүмкүн.

Немец тергөөчүлөрүнүн айтымында, ал Пакистанда жана Ооганстан менен чектеш аймактарда 2009, 2010-жылдары жихадга же ыйык согушка катышуу максатында аталган эки уюм менен тең машыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG