Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстан ЕврАзЭШтин жыйынына катышат


Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен Евразия экономикалык шериктеш (ЕврАзЭШ) мамлекеттер аралык кеңешинин Евразия Жогорку экономикалык кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Москвага жөнөп кетти. Мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ЕврАзЭШтин баардык мүчөлөрү катышкан бул жолку отурумдун күн тартибинде уюмду кайра түзүү маселеси талкууланат. Президент Алмазбек Атамбаев Москвада бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт. ЕврАзЭШке Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG