Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Ошто аба каттамы убактылуу токтоду


Аба ырайына байланыштуу бүгүн Ош эл аралык аба майданындагы баардык
каттамдар убактылуу токтоду. Бул тууралуу "Азаттыкка" аба майдандын директору Орозбек Калдаров билдирди. Анын айтымында, кар борошолоп жаап жаткандыктан учактар учкан жок.

"Билет саткан авиакомпаниялар кардарларга телефон чалып каттамдар токтотулганын кабарлашууда. Учканга шарт болсо эле кайрадан чалып, маалымдашат",- дейт
Калдаров.

Учак каттамы бүгүн саат 13.00гө чейин токтотулган. Эгер аба ырайы өзгөрбөсө, бул убакыт дагы созулушу мүмкүн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG