Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Токмок менен Маевкадагы 2010-жылкы окуялар боюнча 22 иш козголду


2010-жылдын апрелиндеги Маевка айылындагы окуялар боюнча беш, Токмоктогулар боюнча 17 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү Чынгыз Жаналиевдин айтымында, Маевкадагы окуя боюнча козголгон кылмыш иштердин үчөө сотко жиберилген, экөө тергөөдө, беш киши камакка алынды. Жаналиев Маевкадагы орун алган жаңжал улут аралык касташуу мүнөзүнө ээ эместигин айтты.

Токмокто жеке менчик мүлккө зыян келтирүү, кол салуу боюнча 21 факт катталган. Жалпысынан 17 кылмыш иш козголгон. Тергөө аяктай элек.

2010-жылдын апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Чүйдүн Маевка айылында жер талашта эки адам каза таап, Токмок шаарында кафе, дүкөндөргө кол салуу болгон. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG