Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Үч күндөн бери Каныш-Кыя – Ала-Бука жолу жабык турат


Жалал-Абаддын Чаткал районунда Каныш-Кыя – Ала-Бука жолу үч күндөн бери жабык турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чаткалдын акими Акматбек Таласбай уулу билдирди. Жолдун жабылышы Чүйдөн ташылып келаткан мал тоютун жеткирүүгө тоскоол болууда. Акимдин айтымында, тоолуу аймактарда жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетип турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолун кар көчкүдөн тазалоо үчүн атайын техника тартылган. Унаа жол убактылуу жабык. Красная Горка – Акташ унаа жолун кар көчкүдөн тазалоо үчүн да эки бульдозер тартылган. Унаа жол убактылуу жабылды. Жогорудагы унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жана кар жаап жатканына байланыштуу Чаткал районунун акиминин №27-буйругунун негизинде 16-мартта саат 09:00дөн баштап жол каттамдары убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG