Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

20-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
19-22-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
20-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын облусунда жана тоолуу райондордо айрым жерлерде гана кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Талас облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...+4,
Баткенде түнкүсүн -9...-14, күндүз -1..+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10 градус, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -4..-9,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17..-22, күндүз -7...-12,
Тоолордо түнкүсүн -17...-22, ал эми күндүз -7..-12 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус суук, күндүз 2...4 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG