Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Караколдо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылды


Каракол шаарындагы Нефтяник районунун аймагында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, сөөктү бөлүп кескилеп салышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Былтыр 28-октябрда моюнуна бычак сайылып, моюнунун бир жак тарабы кесилген аялдын өлүгү табылган. 6-ноябрда Караколдогу шаардык аэропорттун аймагында башы кесилген аялдын денеси табылган. Ошондон улам Ысык-Көл облусунда маньяк пайда болду деген сөздөр айтыла баштаган.

Бирок 27-декабрда облустук ички иштер башкармалыгы мындай сөздөрдү четке кагып, соңку айларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын сөөгү табылганын, эки кылмыштын бети ачылганын кабарлаган болчу. Бири мас абалында мушташтын айынан болгону, шектүү деп кармалган аял Любовь Зайцева экени, экинчиси боюнча шектүү деп Эрмек Шафиков кармалганы, үчүнчү кылмыштын бети ачыла электиги айтылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG