Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Америкалыктар Кыргызстан жөнүндө телесериал тартышат


АКШнын "Population Media Center" уюму Кыргызстандагы азыркы жашоону чагылдырган телесериал тартат. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Вильям Дайерсон бүгүн Ошто журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ар бир бөлүгү 23 мүнөттөн турган 200 сериялуу көркөм тасманы тартуу келерки жылдын январында башталат. Ушул тапта Дайерсон Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элдин жашоо-турмушу менен таанышып жүрөт.

"Сериалда кыргызстандык актерлор ойнойт. Сценарийин деле кыргызстандык драматургдар жазып берет. Биз болгону каржылык көмөк көрсөтөбүз. Анда бир-эки баш каармандын жашоосунун негизинде, оң жана терс каармандар аркылуу бүгүнкү жашоо сүрөттөлөт",- дейт Дайерсон.

Телесериалды тартууга эл аралык Сорос фонду, ЮСАИД уюму да каржылык көмөгүн бермей болууда. Кыргыз тилинде тартылчу тасма жергиликтүү каналдар аркылуу элге тартууланат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG