Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Баткенде жер семирткич тартыш болууда


Баткен облусунун дыйкандарына жер иштетүү үчүн 20 миң тонна химиялык жер семирткич керектелет. Бүгүнкү күнгө карата алар 25 гана пайызга камсыз болушкан. Мындай маалыматты “Азаттыкка” облустук акимчиликтин агрардык өнүгүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөн билдиришти.

Мындан тышкары жазгы талаа жумуштарына 2 миң тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектелсе, өкмөт тарабынан жеңилдетилген баа менен 160 тонна кара май бөлүнгөн. Калганын дыйкандар базардан сатып алышат. Учурда Баткендин базарларында Өзбекстандан чыгарлыган жер семирткичтин бир килограммынын баасы 28 сомго чейин болууда. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG