Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 14:27

Террорчулукка каршы күрөшкө ЕККУ жардамдашат


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек кеңсеси террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишим кабыл алышты.

Террорчулукту жаратуучу терс көрүнүштөрдүн адын алуу, террорчулук үчүн интернет байланышын пайдаланууга каршы туруу жана террордук чабуулдардан Кыргызстандын стратегиялык маанилүү объекттерин коргоо багытында иштер жасалат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG