Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Кыргызстанда дизел отундун баасы көтөрүлүүдө


Нефтетрейдерлер ассоциациянын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, дизелдик отун Кыргызстандын түндүгүндө 60 тыйынга, түштүгүндө 1 сомго кымбаттады. Буга 10-марттан баштап Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун карамайдын баасын кескин көтөрүп жибергени себеп болууда. Өз кезегинде Орусия бул жагдайды дүйнөдөгү карамайга болгон баанын өсүшү менен түшүндүрүүдө. Жумакадыр Акенеев жазгы айдоо иштерине жете тургандай дизел отун бар экенин, майдын кымбатташында саясий себеп жоктугун белгиледи. (KKs)

XS
SM
MD
LG