Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

АКШ президенттигине талапкер болгусу келгендер Иллинойсто ат салышат


Иллинойс - АКШнын калк саны жагынан бешинчи ири штаты. Бул штатта жеңген саясатчы 54 делегаттын колдоосуна ээ болот. Республикалык партиянын август айына белгиленген курултайында талапкерлик укукту алуу үчүн 1144 делегат топтоо зарыл.

Бул партиянын азыр жарышта калган төрт талапкери ичинен Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромниде 521, мурдагы сенатор Рик Санторумда 223 делегат бар.

Коомдук пикирди сурамжылоонун баштапкы шайлоо же праймериз алдындагы жыйынтыктарына караганда, Иллинойс штатында Митт Ромни алдыда. Бирок анын жакынкы атаандашы Санторум да иллинойстуктардын колдоосун алуу үчүн болгон күч аракетин жумшоодо.

Республикалык партиянын президенттикке талапкери ноябрдагы шайлоодо президент Барак Обама менен атаандашат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG