Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Түндүк Корея МАГАТЭнин эксперттерин чакырды


Түндүк Кореядан анын өзөктүк жайларына инспекция жүргүзүүгө чакырык алганын Атом Энерегетикасы боюнча эл аралык агенттик кечээ жарыялады.

Анын дарегине жогорудагыдай чакырык Түндүк Корея уюмдун байкоочуларын өлкөдөн чыгаргандан үч жылдан кийин келүүдө.

МАГАТЭ өкүлүнүн айтымында, чакырык боюнча кандайдыр бир чечим кабыл ала элек.

Мунун алдында, өткөн айда АКШ менен Түндүк Корея макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Вашингтон Пхеньянга жардам көрсөтөт.

Өз кезегинде Пхеньян өзөктүк жана ракета сыноолорун, уран байытууну токтотууга жана эл аралык инспекторлордун өлкөгө келишине макул болгон эле.

Бирок МАГАТЭ чакырыкты алган 16-март күнү Түндүк Корея узак аралыкка учуучу ракетасын сынаган. Коңшу Түштүк Корея бул сынакты “олуттуу чагым” деп атоо менен айыптады.

XS
SM
MD
LG