Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Франциянын Тулуз аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ок атылган "Озар Хатор" мектебинин жанында. 19-март, 2012-жыл.

Ок атылган "Озар Хатор" мектебинин жанында. 19-март, 2012-жыл.

Бул тууралуу француз президенти Николя Саркози билдирди. Анын айтымында, кечээ бул аймакта жөөт мектебинин сыртындагы ок атуудан төрт адам өлгөндөн кийин антитеррордук эскертүүнүн деңгээли эң жогорку баскычка чыгарылды.

Саркози Тулуздагы окуяны “улуттук трагедия” деп атап, анын антисемиттик мүнөзү бардыгын белгиледи.

Бул жерде кечээ эртең менен "Озар Хатор" жөөт мектебине мопед менен келген белгисиз адамдын ок чыгаруусунан төрт киши: бир мугалимдин жана анын эки баласынын, дагы бир мектеп окуучусунун өмүр кыйылды.

Израил каза тапкандар үй-бүлөлөрүнүн каалоосуна ылайык, Израилде жерге берилерин жарыялады.

Француз бийликтери ок аткан адам өткөн аптада жасалган эки кылмышка да тиешеси болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Алардын биринде, ушул эле Тулуз аймагынан Франциянын теги француз эмес үч аскери мерт болуп, бирөө жаракат алган. Тулуз Франциянын түштүк -батыш тарабында жайгашкан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG