Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Назарбаев Атамбаевди Казакстанга расмий сапарга чакырды


Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал кечээ Москвада эки тараптуу жолугушуу учурунда айтканын "Азаттыктын" кабарчысы Кубаныч Жолдошев билдирди. Кыргыз жана казак президенттери Москвага ЕврАзЭШ уюмунун саммитине катышуу үчүн барышкан. Жалпы жыйындан кийин өзүнчө өткөн жолугушууда Атамбаев менен Назарбаев кыргыз-казак саясый жана соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты. (KJ/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG