Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

БУУнун баш катчысы Сириядагы кырдаалды “жол берилгис” деп атады


Пан Ги Мундун айтымында, Сириядагы кырдаал “жол берилгис жана кабыл алынгыс”. Ал Индонезия борбору Жакартада иш сапары менен жүргөн жеринен белгилегендей, Сирия эл аралык коомчулукту эң көп кооптондурган жана тынчсыздандырган маселеге айланып калды.

Баш катчы ошондой эле Сириянын өкмөтүнө гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз киришине шарт түзүү жөнүндөгү чакырыгын кайталады.

Пан Ги Мун ага катар эл аралык коомчулук Сирияда кыянатчылыктардын токтошун талап кылуусу зарылдыгын белгиледи.

Мунун алдында кечээ Сириянын эң кубаттуу өнөгү - Орусия эл аралык "Кызыл чырым" комитетинин гуманитардык муктаждыктар үчүн ок атышууну күнүнө эки сааттан токтотуу жөнүндөгү чакырыгына кошулган.

Комитет ок атышуунун күнүнө эки сааттан токтошу жарадарларды алып чыгуу, уруштан катуу жапа чеккен жерлерге азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү үчүн керек деп эсептейт.

БУУнун эсебинде, президент Асаддын режимине каршы бир жылдан берки козголоң учурунда 8 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 30 миңдей адам өлкөдөн чыгып кетти, 200 миңдей киши өлкө ичинде жер которду. (UE)

XS
SM
MD
LG