Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

21-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
20-22-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 6...11,
Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5..10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0..-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18..-23, күндүз -5...-10,
Тоолордо түнкүсүн -16...-21, ал эми күндүз -6..-11 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-чыгыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус суук, күндүз 8...10 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG