Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кара-Кулжада дайынсыз жоголгон балдардын сөөгү табылды


Оштун Кара-Кулжа районунда үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан үч баланын денеси табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча нөөмөтчүсү Асылбек Жоробеков кабарлады. Балдар кар көчкү астында калганы кабарланууда. Алардын сөөгү бүгүн түшкү экиге жакын табылды.

Кара-Кулжа районунун Живпром айылынын 12 жашар тургуну Сыймык Калмурза уулу, 8 жаштагы Азатбек Кенебаев жана 6 жашар Нурдөөлөт Калчоро уулу белгисиз жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, балдар 18-март күнү эртең менен райондун Жан-Чукур аймагына жылкы издегени чыккан боюнча кайтып келишкен эмес.

17-марттан бери Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкүнүн айынан төрт адамдын өмүрү кыйылды. Учурда Токтогулда да кар көчкү түшкөн аймакта бир кишини издөө иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG