Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Милиция жайкы туристтик сезонго камына баштады


Кыргызстандын милициясы быйылкы туристтик сезонго камына баштады. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев башка мамлекеттерден эс алууга келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча планды бекитти. Ар бир милиция мекемесинин милдети так аныкталды. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык унааларына атайын видеокамералар орнотулмай болууда. Алар унаанын ичинде жана сыртында эмне болуп жатканын видеого жазып алууга мүмкүнчүлүк берет. Жолдогу милиционерлердин иши боюнча ишеним телефон (0 312 63 09 00, 0 312 63 09 01) номурлары унаалардын сыртына жазылып коюлат. Кордай - Бишкек, "Манас" аэропорту - Бишкек, Бишкек - Балыкчы - Чолпон-Ата - Каракол унаа жолдорунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Кыргызстанга туристтер негизинен жайында Ысык-Көл жээгинде эс алууга келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG