Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Франция: окуу жайлар Тулуздагы курмандыктарды эскерип жатышат


Бүгүн Франциянын бардык окуу жайлары Тулуздагы жөөттөрдүн мектебинде белгисиз бирөөнүн огунан каза тапкан үч окуучуну эскеришти. Президент Николя Саркози Париждеги Холокост курмандыктарынын мемориалынан алыс эмес жайгашкан мектепке барды. Ал набыт болгондорду эскерип, аларды атып өлтүргөн күнөөкөрдү табууга бийликтер бар күчүн жумшай турганын айтты. Саркози кечээ окуяга болгон мектепке да барган. Окуучуларга ок чыгарган адам мындан бир жума мурун атылган үч аскердин өлүмүнө да тиешеси болушу мүмкүн деп шектелип жатат. Франциянын түштүк-батыш тарабында ушул тапта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, мектептер кайтарууга алынды.

XS
SM
MD
LG