Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Алматыда Жамал Сейдакматованын чыгармачылык кечеси өттү


Казакстандын Алматы шаарында Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын чыгармачылык кечеси өттү. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Эмгек мигранттарынын балдарынын тагдыры жөнүндө баяндаган "Тагдырдын өгөй балдары" көркөм тасмасы жана актриса катышкан дагы башка кинотасмалар көрсөтүлдү. Кечеге Казакстанда жашаган кыргыздардын "Мекен", "Кыргыз Ата" коомдук уюмдарынын эки жүздөй өкүлү катышты. Расмий эмес маалыматтар боюнча, казак жергесинде жашаган кыргыз эмгек мигранттарынын саны 60 миңдей киши. (RK)

XS
SM
MD
LG