Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25
Шайлоо бекеттериндеги сурамжылоонун же экзит поллдун жыйынтыктарына караганда, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни, жакынкы атаандашы мурдагы сенатор Рик Санторумдан ишенимдүү алдыга чыккан.

АКШнын маалымат каражаттары Ромни добуштардын 50 пайыздан ашуунун, Санторум 30 пайыздан азын алганын билдирүүдө. Учурда добуштарды саноо уланууда.

Калк саны жагынан бешинчи ири штат - Иллинойстогу жеңиш Ромнинин талапкерлик турумун бекемдейт.

Бул штатта жеңген саясатчы 54 делегаттын колдоосуна ээ болот. Республикалык партиянын август айына белгиленген курултайында талапкерлик укукту алуу үчүн 1144 делегат топтоо зарыл.

Республикалык партиянын жарыштан калган төрт талапкери ичинен Иллинойстогу баштапкы шайлоого чейин мурдагы губернатор Митт Ромниде 521, мурдагы сенатор Рик Санторумда 223 делегат болгон.

Республикалык партиянын президенттикке талапкери ноябрдагы шайлоодо президент Барак Обама менен атаандашат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG