Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

АКШ Ирандын “электрондук көшөгөсү” менен күрөштү уланта берет


Барак Обама Ноорузга байланыштуу Ирандын калкына кайрылууда. 20-март, 2012-жыл.
Барак Обама Ноорузга байланыштуу Ирандын калкына кайрылууда. 20-март, 2012-жыл.
Иранда жарандардын маалыматтын эркин агымына жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган чаралар тууралуу бул өлкө калкына бүгүнкү Нооруз майрамын утурлай жолдогон видеокайрылуусунда АКШ президенти Барак Обама билдирди:

- Бүгүн менин администрациям Иран элинин интернетти колдонуусу жөнөкөйрөк болушу үчүн америкалык компаниялардын Иранга компьютердик программалар менен камсыздоону жана кызмат көрсөтүүсүн жеңилдетүү боюнча жаңы нускоолорду чыгарууда.

Барак Обама өз кайрылуусунда АКШ Ирандын эли менен диалогго умтулуп жатканын белгилеп, Тегеранды жарандарынын маалымат алуусуна тоскоолдук жасоону токтотууга чакырды.

АКШ президенти Иран өкмөтүн өз жарандарына карата “электрондук көшөгө” киргизгени үчүн айыптады.

Президент Барак Обаманын кайрылуусуна тушташ АКШнын Каржы министрлиги компьютерлик программалар менен кызматтардын кайсылары Иранга экспорттоло аларынын чоо-жайын жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG