Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Баткенде кара май аткезчилиги токтой элек


Жергиликтүү байкоочулардын билдиргендерине караганда, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кара май аткезчилигин токтотуу оор маселе бойдон калууда. Облустук прокуратуранын маалыматында, Лейлек районуна барган күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 10 пайызы гана эл керектөөсүн камсыздайт, калганы кошуна өлкөгө өтүп кетет. Мындай мыйзамсыз сооданы токтотуу үчүн көчмө тосмолор да уюштурлган. Бирок мунун натыйжасы да толук жемишин берди дегенге болбойт. Ал арада облустук акимчилик астына оор жүк тарткан унаалар жолдорду талкалап жатат деп кечээ эл чогулду. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG