Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Сирияда борбор Дамасктын чет жакасы аткыланууда


Борбордун акыркы эки айдан бери козголоңчулардын көзөмөлүндө турган Хараста жана Ирбин райондорун аткылоо үчүн өкмөттүк күчтөр танктарды, артиллерияны жана учактарга каршы куралды да колдонууда.

Оппозициянын өзүн Раид деп атаган активистинин айтымында, “Эркин Сирия армиясынын” козголоңчулары өкмөттүк күчтөргө каршы операция өткөргөн жана аткылоо ушул чабуулдарга карата жооп. Дамаскта шейшембиде болгон уруштардан кеминде 30дай кишинин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта шейшембинин кечинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Сирия боюнча билдирүүнүн жаңы долбоору таратылып берилди.

Эгер долбоорго Нью-Йорк убактысы боюнча шаршемби эртең мененки тогузга чейин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн каршылык түшпөсө, ал кабыл алынды деп эсептелинет.

Мунун алдында билдирүүнүн мурдагы долбоору боюнча Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү мунасага келе албай коюшкан эле. Германиянын БУУдагы элчиси Питер Виттигдин айтымында, кайра каралган долбоор да Улуттар уюмунун баш катчысынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннандын бул өлкөдө тынчтык орнотуу миссиясын колдойт.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин президентинин атынан жасалуучу билдирүү аткарууга милдеттүү эмес документ жана кабыл алыныш үчүн мүчө өлкөлөрдүн бир добуштан жактыруусу талап кылынат.

Мурдараак Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр арасынан Сирия президенти Башар Асад менен мамилеси ысык деп эсептелген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва БУУнун чабарманынын аракетин колдогон билдирүүнү жактарын, бирок анда Сирия режимин бутага алган ультиматумдар камтылбоосу керектигин айткан.

Буга чейин Орусия менен Кытай Коопсуздук кеңешинин кан төгүүлөр үчүн Сирия президенти Башар Асадды айыптаган резолюциясынын долборуна вето салган болчу. Резолюция - Коопсуздук кеңешинин мыйзамдык күчкө ээ документи.

БУУнун эсебинде, президент Асаддын режимине каршы бир жылдан берки козголоң учурунда 8 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 30 миңдей адам өлкөдөн чыгып кетти, 200 миңдей киши өлкө ичинде жер которду. (UE)

XS
SM
MD
LG