Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Бишкектин борбордук аянтында Нооруз майрамы башталды


Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара башталды. Ага президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков, Бишкек мэри Иса Өмүркулов катышууда. Майрамга ошондой эле Бишкектин тургундары менен коноктору, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатышат. Майрам жаздын келишин даңазалаган театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Бүгүн Бишкекте аба ырайы ачык, күн тийип турат. (RK)

XS
SM
MD
LG