Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Атамбаев: Демократиялык Кыргызстанда митингдерге тыюу салынбайт


"Демократиялык Кыргызстанда митингдерге эч ким тыюу салбайт, салдырбайбыз", - деди бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектин борбордук аянтында Нооруз майрамында сүйлөгөн сөзүндө. Бирок "ошентсе да жазды биз жакшылык, ийгиликтер менен тоссок" деп кошумчалады өлкө жетекчиси.

Атамбаев кийинки жылдары кыргызстандыктар жазды кооптонуу менен тосуп келатканын айтып, "мындан ары Ноорузду үрпөйбөй, башкача маанайда, жакшылык менен, митинг, революция, төңкөрүштөр эмес, эмгек, биримдик, тынчтык жана ынтымак менен тоссок" деген оюн билдирди. Эртең Бишкекте бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат башталып жатканын кошумчалап, "мындан ары да жаз чемпионат, фестивал, ыр менен башталса экен" деди.

Президенттин айтымында, быйылкы жыл Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бурулуш алып келиши керек. Бул жыл "өлкөнүн бутун тушаган коррупция, улутчулдук, жердешчилик менен күрөшүүдөн" башталганы айтылды.

2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоолордун айынан бийлик алмашкан. Азыркы оппозиция 1-мартта Ош шаарында миңдеген кишини чогулткан митинг өткөргөн. Ушул сыяктуу эле ири нааразылык акция марттын аяк ченинде өтөөрү кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG