Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Түркмөнстанда экс-спикер түрмөдөн бошотулганы кабарланууда


Овезгелди Атаев аялы менен абактан бошотулгандыгын Венада жайгашкан «Хроника Туркменистана» веб-сайты жазды.

Сайтка ылайык, бул тууралуу Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары комитетинин өткөн аптадагы Түркмөнстан боюнча угуусунда жарыялаган. Бул маалыматты башка булактан тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Атаевдер келинин өз жанын өзү кыюуга чейин жеткире жаздаган деген айып менен кесилген эле. Овезгелди Атаев Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов 2006-жылы декабрда көз жумгандан кийин, анын кызматын өткөрүп алмак.

Бирок парламенттин төрагасы Ниязовдун өлүмүнөн кийин көп өтпөй камакка алынган. Ошону менен президенттик кызматка азыркы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов келген.

XS
SM
MD
LG