Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча билдирүүнү колдоду


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши уюмдун жана Араб лигасынын арачысы Кофи Аннандын Сириядагы кырдаал боюнча демилгесин колдогон, аткарылышы милдеттүү болбогон билдирүүнү жактырды. Документте эгер Сирия Анандын алты бөлүмдөн турган планын кабылдабаса, “кошумча кадамдар” көрүлөөрүн эскертти.

Британиянын БУУдагы элчиси Марк Лиал Грант бүгүн мындай билдирүүдөн кийин Сириянын өкмөтүнө жана башка тараптарга Аннандын Дамаскта ачыктаган планына дароо жана кечиктирүүсүз жооп берүүгө тийиш экендигин эскертти.

Аталган планда Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режими менен оппозициянын ортосунда диалог баштоо жана гуманитардык жардамга жол ачуу каралган.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон Орусия менен Кытайдын колдоосун алуу үчүн президенттин билдирүүсү деп аталган бул документтин мазмуну жумшартылгандыгын Батыш булактары билдиришүүдө.

Эки өлкө буга чейин Сирия боюнча эки резолюциянын долбооруна вето коюшкан эле.

XS
SM
MD
LG