Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:04

Орусиялык курал соодагерге сот өкүмүн угузуу кийинкиге калтырылды


Виктор Бут Таиланддан кармалып, кийин АКШга өткөрүлүп берилген.

Ири өлчөмдөгү курал соодасы менен алектенген Виктор Буттун иши боюнча өкүм адегенде 12-мартта, андан кийин 28-мартта жарыяланары белгиленген эле. Бирок АКШнын соту кечээ өкүмдү угузууну 5-апрелге жылдырды. Судья өз кадамын иштин “олуттуулугуна жана татаалдыгына" байланыштырды.

Виктор Бутка бир нече, анын ичинде курал-жаракты террорчул уюмга сатуу, америкалыктарды өлтүрүү максатында кутумга баруу деген айып коюлган. Ал бери дегенде 25 жылга, балким өмүр бою түрмөгө кесилүүсү мүмкүн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG