Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Малиде аскерлер төңкөрүш жасады


Мали армиясынын парады. 22-сентябрь, 2010-жыл.

Мали армиясынын парады. 22-сентябрь, 2010-жыл.

22-мартта мамлекеттик сыналгыдан чыккан жоокерлер тобу президент Амада Тумани Туренин башкаруусу бүткөндүгүн жарыялашты.

Жоокерлердин айтымында, президенттин сарайы ээленди. Алар “ жөндөмсүз” атаган режимдин мүчөлөрү, анын ичинде өлкөнүн тышкы иштер, ички иштер министрлери камакка алынды.

Козголоңчулар ошондой эле бийликти жаңы шайланган өкмөткө өткөрүп берүүнү убада кылышты.

Африканын батышындагы бул өлкөдөгү азыркы төңкөрүштүн алдында ушул шаршемби күнү коргоо министри борбор Бамакодо армиянын жайларын кыдырганда, нааразы аскерлер асманга ок чыгарышкан.

Төңкөрүш өлкөнүн түндүгүндө туарег козголоңчулары менен күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери арасында нааразычылык күчөгөн учурга туш келди.

Малиде кезектеги президенттик шайлоо бир айга жетпеген убакыт ичинде өтүүсү керек эле. Мамлекеттик теледен чыккан аскерлер шайлоо мөөнөтүндө болор-болбосун айтышкан жок. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG