Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Кыргыз экологдору "Манастагы" АКШ Транзит борборунда болушту


Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбору кыргызстандык экологдор менен тыгыз байланышта болуп, маалымат алмашып турмай болду. Бул тууралуу аталган борбордо Кыргызстандын Абдыкалык Рустамов жетектеген, сегиз адамдан турган экологдор тобу менен жолугушууда айтылды.

Кыргызстандын жаратылыш коргоо багытында иштеген адистери борбордун иштөө шарттары, учактарды иштетүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө талаптарынын аткарылышы менен жеринен таанышып келишти. Транзиттик жүк ташуу борборунун жетекчилиги учактар учуп бараткан жеринен ичиндеги кара майды чачып жиберген учурлар учкучтардын өмүрүнө кооптуу жагдай түзүлгөндө гана, өтө сейрек катталаарын, акыркы жолу мындай факт үч жыл мурда болгонун айтты.

Антитеррордук коалициянын макулдашуусунун негизинде 2001-жылкы АКШдагы терракттардан кийин Бишкекте жайгаштырылган аба-аскерий база кийинчерээк Транзиттик жүк ташуучу борбор деп кайра түзүлгөн. Анын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 2014-жылдын июн айында аяктайт. Борбор Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышып жаткан учактарды тейлейт.

Бир катар жергиликтүү коомдук уюмдар бул борбордун айынан аба майдандын тегерегинде жайгашкан айылдарга экологиялык жактан зыян келтирилип жатат деп айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG